Жайлоодо сүрөткө түшүп жатканда, сууга жыгылып, агып кеткен

  • 11 месяцев мурун

11-июнда куткаруучулар сууга агып кеткен кишини издөөнү уланткан. Саат 09:30да анын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.  

10-июнь күнү Бишкек-Ош автоунаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. Суу боюнда сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып жыгылып, 40 жаштагы Т,К, Итагар суусуна агып кеткен.

11-июнда издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, саат 09:30да cууга түшүп кеткен кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты