Жабырлануучудан 200 миң доллар алууга шектелип, жактоочулар коллегиясынын мүчөсү кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “П” адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Э.Д.Т. тарабынан, жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүүдө ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу фактысын аныктады.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, Э.Д.Т. юридикалык жардам көрсөтүүдө, өзүнүн жактоочулук ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, маселени коррупциялык жол менен чечүү шылтоосу менен («пара» берүү менен) кылмыш ишин тергеп жаткан укук коргоо органынын кызмат адамдарына жана соттун мыйзамсыз чечимине карата жабырлануучудан 200 миң АКШ доллардан ашык акча алгандыгы боюнча шектелүүдө.

Э.Д.Т. ири суммадагы акча каражатын алганына карабастан, жабырлануучу кылмыш-жаза кодексинин 242-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп табылгандыгына байланыштуу, жабырлануучу Э.Д.Т.га  чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган.

Жогорудагы факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 5 миң АКШ долларын (4 миң АКШ доллары жана 88 миң сом) кайтарып жаткан учурда жактоочу Э.Д.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (алдамчылык) каралган кылмышка шектүү катары жактоочу Э.Д.Т. жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жабырлануучудан 200 миң доллар алууга шектелип, жактоочулар коллегиясынын мүчөсү кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты