Жабыркаган блогер Батмакан Жолдубаеванын ишин Акыйкатчы институту көзөмөлгө алды

  • 2 года мурун

6-февралда КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К. Рахматуллаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасында блогер  Батмакан Жолдубаевага жолукту.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.

Батмакан Жолдубаева Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” депутаттык фракцияларынын көчмө жыйынына катышуу үчүн Раззаков шаарына барганын, ал жерде түз эфир уюштуруп жаткан учурда Президенттнин Баткен облусу боюнча  өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов журналисттин телефонун тартып алып, ага кол көтөргөнүн маалымдаган.

Жолдубаева Акыйкатчы өкүлүнө арыз менен кайрылды. 7-февралда бул арыз боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө, Баткен облусунун прокуроруна, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысына,  жана Баткен облустук ооруканасынын директорунун наамына тиешелүү кайрылуулар жолдонду.

5-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракцияларынын Баткендеги көчмө жыйыны өткөн, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын гана өкүлдөрү чакырылганын билдирип, аппарат жетекчи Алихан Ураимов блогер Батмакан Жолдубаеваны киргизбей койгон. Ошондон улам, алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, аткаминер чаап жибергенин жана ооруканага жатып калганын Батмакан Жолдубаева билдирген.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат башчысы Алихан Ураимов блогер Батмакан Жолдубаевага байланыштуу окуя жөнүндө мындай түшүндүрмө берген.   

-Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракцияларынын Баткендеги көчмө жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын гана өкүлдөрү чакырылган. Буга байланыштуу Батмакан Жолдубаева чогулушка киргизилбегенин, ага нааразы болгон блогер кол көтөргөнүн айтат.

“Тасманын тартылбай калган бөлүгүндө мени бетке чаап, кийимдеримди тытмалап, бетимди тытууга аракет кылып, аброюма шек келтирген акаарат сөздөрдү колдонгону коомчулукка жеткирилген жок” деди Ураимов.

Сүрөттө: Ооруканада. Акыйкатчы институту тарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты