Аппарат башчы Алихан Ураимов блогер менен  болгон окуяны түшүндүрдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат башчысы Алихан Ураимов блогер Батмакан Жолдубаевага байланыштуу окуя жөнүндө Фейсбук баракчасында түшүндүрдү.   

Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракцияларынын Баткендеги көчмө жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын гана өкүлдөрү чакырылганын билдирди. Буга байланыштуу Батмакан Жолдубаева чогулушка киргизилбегенин, ага нааразы болгон блогер кол көтөргөнүн айтат.

“Тасманын тартылбай калган бөлүгүндө мени бетке чаап, кийимдеримди тытмалап, бетимди тытууга аракет кылып, аброюма шек келтирген акаарат сөздөрдү колдонгону коомчулукка жеткирилген жок” деди Ураимов.

Блогер Батмакан Жолдубаеваны аппарат жетекчисм Алихан Ураимов ага жыйынга кирүүгө уруксат жок экенин билдирип, андан кийин Жолдубаеваны уруп жиберген видео социалдык тармактарда тараган.

5-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракцияларынын Баткендеги көчмө жыйыны өткөн, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын гана өкүлдөрү чакырылганын билдирип, аппарат жетекчи Алихан Ураимов блогер Батмакан Жолдубаеваны киргизбей койгон. Ошондон улам, алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, аткаминер чаап жибергенин жана ооруканага жатып калганын Батмакан Жолдубаева билдирген.

Сүрөттө: Алихан Ураимов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты