Жаңы жылдык президенттик балаты майрамы өттү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 19-декабрда, Бишкек шаарында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда балдар үчүн салттуу жаңы жылдык балаты майрамы өттү.  

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана башкалар бар.

Балдага балдардын бий топторунун тарбиялануучулары даярдаган «Кесиптер шаары» аттуу театралдашкан музыкалык жаңы жылдык оюн-зоок тартууланды.

Майрамдык аземдин катышуучуларын мамлекеттик катчы Арслан Койчиев куттуктады.

“Силердин араңардан 39 окуучу эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээледи. Силер менен чогуу окуган балдар математика, информатика, физика, биология боюнча эл аралык олимпиадаларда, информатика боюнча европалык олимпиадада алтын, күмүш, коло медалдарды тагынды”деп белгиледи ал.

Муну менен бирге Арслан Койчиев спорт жаатында дагы кичинекей досторубуз мыкты ийгиликтерге жетишип жатышканын айтты. Азия үчүнчү жаштар оюндарында, эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында, “Кыргызстан бермети-2025” оюндарында, эл аралык жаштар мелдешинде, Ташкентте өткөн жаш спортчулардын таэквондо боюнча турниринде 1, 2, 3-орундарды камсыз кылып,  мамлекеттик кызыл туубузду көккө бийик көкөлөттү.

Майрамдын соңунда президент Садыр Жапаровдун атынан балдарга белек тапшырылды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты