Жаңы жылдык майрамда борбор шаар милициясы күчөтүлгөн режимде иштейт
- 3 месяца мурун
29-декабрда, жаңы жылдык майрамдардын алдында, Ала-Тоо аянтында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган өздүк курамынын гарнизондук саптык кароо-инструктажы өткөрүлдү.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) башчысы Азамат Токтоналиев, анын орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Шаар башчысы майрам күндөрү күчөтүлгөн режимде иш алып баруунун зарылдыгын белгилеп, адамдар көп чогулган жайларда, соода-көңүл ачуу борборлорунда жана эс алуу аймактарында коомдук тартипти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту так сактоо өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Бишкек шаардык ИИББнын Кайгуул кызмат башкармалыгына жаңы жылдык майрамдар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле транспорт каражаттарын мас абалында башкаруунун алдын алуу жана жол бербөө максатында алдын алуу жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.
Гарнизонго 600 милиция кызматкери катышып, 45 даана автоунаа тартылды.
Жаңы жылдык майрамдар учурунда борбор шаар милициясы күчөтүлгөн кызмат өтөө режиминде иштейт.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




