Мэрия жаңы жылдык концерттик программа тууралуу маалымат берди
- 2 года мурун
Бишкеке шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы 31-декбрды өтө турган майрамдык концерттин программасы тууралуу маалымат берди.
Майрамдык концерт 31-декабрь күнү саат 18:00дө Ала-Тоо аянтында башталат.
“Шаар тургундарын жана конокторду орус эстрадасынын жылдыздары — популярдуу ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу менен жаркын программа күтөт. Мындан тышкары, сахнада кыргыз эстрадасынын сүйүктүү жылдыздары чыгышып, унутулгус майрамдык маанай тартуулары күтүлүүдө”, — деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү




