Жаңы жылда бир жума эс алуу күндөрү болот     

  • 4 месяца мурун

2024-жылдын 1–7-январы дем алыш күндөрү болот жана андагы иш күндөрү которулат.

Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Токтомго ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди: 

2024-жылдын 1–7-январы дем алыш күндөрү болуп эсептелет:

— 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

— 2024-жылдын 27-январы – 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

— 2024-жылдын 2-марты – 2024-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

— 2024-жылдын 2-сентябры – 2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө которулат;

2024-жылдын 21–24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын 22-мартындагы иш күнүнө которулат.

2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болот; 2024-жылдын 1–7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-майындагы иш күнүнө;

— 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-майындагы иш күнүнө которулат;

 2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт дем алыш майрам күндөрү болуп саналат.

Чыгыш жылнаамасы боюнча быйыл — балык (улуу) жылы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты