Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы, 2025-жыл менен куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент кыргызстандыктарды жаңы, 2025-жыл менен куттуктады.

«Жаңы жыл ар дайым жаңы милдеттер менен жаңы максаттарды алдыбызга коет. Биз 2025-жылы талбаган эмгектин аркасында гана жаңы-жаңы жетишкендиктерди багындырабыз деген ишеничим чоң. Жаңы жылда чет элдик инвестицияларды тартуу жана ишкерликке кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иштерин арттырабыз. Илим менен билимди, инновацияны, IT секторун, “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө жана санарип технологияларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Өнөр жай ишканаларын ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга басым жасалат. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге көтөрөбүз. Ошентип, биз сиздер менен бирге күчтүү Кыргызстанды курабыз. Эң башкысы бир түндүктүн астындагы биримдигибизди, ырыс-кешик тартуулаган ынтымагыбызды барктай билели» деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты