2026-жылдагы жаңы жылдык каникул 12-январга чейин узартылды
- 2 месяца мурун
Министрлер Кабинетинин токтому менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалардын кызматкерлеринин жаңы жылдык эс алуу күндөрүн эки календардык күнгө – 2026-жылдын 8 жана 9-январына узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Чечимге ылайык, жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине ошондой эле кызматкерлердин эмгек жана үй-бүлөлүк турмушунун ортосунда балансты түзүүгө көмөктөшүүчү бул ченемдик укуктук актыны өз ишинде колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.
Бул токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




