“Жаңы КабМиндин бар-жогу билинбейт». Депутат Талиева көчөттөрдүн сапаты тууралуу
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 2-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева өлкөгө алынып келинип жаткан көчөттөрдүн сапатсыз экендиги тууралуу билдирди.
-Биз жыл сайын көчөт отургузабыз, өнүмү жок болуп жатат. Мен изилдеттирип көрсөм, интенсивдүү көчөттөрдүн саны бир эле пайызды түзөт экен. Ал эми калган 99%ы, Кыргызстандагы, дүйнө жүзүндө колдонулбай калган эски көчөттөр экен. Кыргызстанга жыл сайын 1,5 миллион көчөт келет, анын 100 миң даанасы өнбөй калат экен. Ошондо көчөттөрдү 150 сомдон алганда, жылына биз 1,5 миллиард сомго чейин зыян тартат экенбиз. Айыл чарба министрлигинде карантиндик кызмат бар эле, сырттан сапатсыз, эски көчөттөр келет, алардын топурагын карантиндик кызмат карабайт, базарларда көчөттөрдүн заман талабына жооп берет деген сертификаты жок, күнөсканаларда өнбөй калып жатат, кыргызстандык көчөт деп сырттан келген көчөттөрдү сатып жатышат. Ушул саясатты айыл чарба министрлиги колго алып, карантиндик кызматтар бир ишти, катуу талап коюп, өзүбүздүн күнөсканаларда өстүрүп, жөнгө салбайлыбы? Эмнеге илимпоздор иштеп чыгып, элге сапаттуу, арзан көчөттөрдү сунуштабайбы. Жаңы КабМиндин бар-жогу билинбей жатат, -деди депутат Талиева.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан