Жаңы депутат Жайлообай Нышанов парламентте ант берди
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Ата журт-Кыргызстан» саясий партиясынан Чынберди Төлөновдун ордуна Жайлообай Нышанов ант берди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланган Чынберди Төлөновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын ордуна Жайлообай Нышанов депутат болуп катталды. Мындай чечимди БШК депутат Төлөновдун өзүнүн арызынын негизинде 16-декабрдагы жыйналышында кабыл алганын кабарлады.
Чынберди Нышановдун ордуна «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Жайлообай Нышановду депутат катары каттады.
Сүрөттө: Жайлообай Нышанов. shailoo.gov.kg
Муну бөлүшүү