Жаңы депутат Пархат Тулендыбаев ант берди
- 2 года мурун
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев ант берди.
Ал Жеңишбек Токторбаевдин ордуна депутат болуп келди. Буга чейин Ош шаарынын мэри болуп дайындалганына байланыштуу, Жеңишбек Токторбаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Пархат Тулендыбаев парламенттин 6-чакырылышынын депутаты болгон.
Сүрөттө: Пархат Тулендыбаев. shailoo.gov.kg
Муну бөлүшүү




