Жүргүнчү ташууга лицензиялоо киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору четке кагылды

  • 1 год мурун

11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды .

Ички иштер министрлигине лицензиялоо функциясын өткөрүү менен жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону киргизүү каралган.

Депутат Дастан Бекешев “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына ылайык оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык түрдө ташууга тыюу салынганын эске алып, мындай унаа ээлери тарабынан нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, мисалы, лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты