Банк чөйрөсүндөгү жана интернет алдамчылыгына байланыштуу зыяндын жалпы суммасы 1 миллиард 61 миллион сомду түзгөн
- 4 часа мурун
- Баяндар
Бүгүн, 26-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы күрөшүү чаралары тууралуу маселе каралды.
«Расмий маалыматка ылайык, банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарынан келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 миллиард 61 миллион сомду түзгөн. 7 миллион калкы бар өлкөбүз үчүн бул эбегейсиз чоң сумма. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорку деңгээлде өнүккөн мамлекеттерде да мындай кылмыштардын бетин жүз пайыз ачуу мүмкүн эмес экенин эске алуу зарыл» деди депутат Медербек Алиев.
Жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева жана ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев аталган багыттардагы кылмыштар менен күрөшүү боюнча кыскача баяндама жасашты.
Талкуу маалында депутат Алтынбек Кылычбаев дропперчиликке каршы күрөшүү багытындагы иштерге кызыгып, бул боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган берененин колдонулушу жана анын натыйжалары тууралуу суроо узатты.
Депутат Болот Ибрагимов өзүнө телефон чалган алдамчылар боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын тактады. Ошондой эле алдамчылар жарандардын жеке маалыматтарын кайсы булактардан алып жатканына кызыкты.
Депутаттар Эрулан Көкүлов менен Дастанбек Жумабеков жана башка депутаттар банк чөйрөсүндөгү алдамчылык кылмыштарынын алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта жаңы ыкмаларды колдонууну сунушташты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




