Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтуна 225 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

  • 4 месяца мурун

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 255 млн 982 миң 500 сом бөлүндү.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мындай чечим жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда 2025-жылдын 11-февралында чыккан өрттөн кийин аны үзгүлтүксүз иштетүү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү кайра баштоо максатында кабыл алынды.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Сүрөт: gov.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты