Жөө күлүктөр жарышы уюштурулду
- 4 месяца мурун
Бишкекте 19-майда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта эл аралык «ONE RUN-2024″жарым марафону уюштурулду.
Жарышка 1500гө жакын спортчу жана ыктыярчылар катышты. Алар 21,1 км, 10 км жана 5 км аралыкта чуркашты. Ошондой эле кичинекей катышуучулар үчүн 1 км балдар жарышы өттү.
Мэриянын басма сөз кызматы спорттук иш-чаранын максаты — адамдарды сергек жашоого тартуу жана калк арасында спортту жайылтуу болуп саналарын билдирди.
Сүрөт: Видеодон алынды
Муну бөлүшүү