Өзгөндөгү курултай: Президенттин өкүлү Зиядин Жамалдиновдун сөзүн токтотуп коюшту   

  • 2 года мурун

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өтүп жаткан курултайда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов суранып, биринчилерден болуп сөз алган, бирок анын сөзхн уланттырбай, чогулгандар токтотуп коюшту.

Зиядин Жамалдинов сөзүн мындайча баштаган:

-Бул жакка Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул аксакалдар, ушул мекенчил адамдарыбыз Кемпир-Абаддын маселеси болбогондо деле келсе болмок. Ош облусундагы, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү ушул жерде көтөрүп чыкса болмок. Бир эле Кемпир-Абад боюнча келбестен. Менин айтайын дегеним – жаңы бийлик келип, элге чек араларыбызды тактайбыз деген убадаларды берген. Ошонун негизинде Өзбекстан менен бүгүнкү күндө 1450 км чек арабызды тактап жатышат.  Баарыбызга маалым болгондой, бул сүйлөшүүлөргө бир жылдан ашып калды.

Буга чейин деле ушул жерде Кемпир-Абад турган, суу басып жаткан. Эмне ошол мезгилде көтөргөн жокпуз? Азыр чек араларды тактап коелу, Өзбекстан менен тополоң болбой, чек араларды тактап коелу десек, азыр келип, ушул маселени көтөргөндөрүңүзгө мен таң калып жатам, -деди Зиядин Жамалдинов.

Чогулган эл Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдиновду андан ары сүйлөтпөй, кыйкырып, ышкырып, сөзүн токтотушту.   

Бүгүн,  15-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өтүп жатат. Курултайды жергиликтүү эл уюштурган. Ага Кыргызстандын ар кайсы аймагынан кайдыгер эмес жарандар катышууда.

Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, генералдар Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Мамбетжунус Абылов, Жеңиш Молдокматов. Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык активисттер Атай Бейшенбек, Тилекмат Куренов, Айбек Мырза жана башкалар катышууда.

Сүрөт: Видеодон. «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты