Өзгөндө беш гектарды ээлеген жери менен кошо базар мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунун Өзгөн районунда  иштеп жаткан базардын беш гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган объектинин  базар баасы 470 млн.сомду түзөт. Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты