Өзгөн шаарындагы “Мал базары” мамлекетке кайтарылды

  • 10 месяцев мурун

Өзгөн шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 1,28 гектар аянттагы “Мал базары” кайра мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы жер тилкелерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүрүп, 2002-жылы жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен жер аянты аныкталган.

Ошондой эле, 2018-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан 0,70 гектар жер да мыйзамсыз менчиктештирилгени белгилүү болду.

УКМКнын аракети менен бул жер тилкелери Өзгөн шаарынын мэриясына жана Жазы айыл аймагына акысыз, ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты