Өзгөн шаарында үйдөн чыккан өрт коңшуларга да өтүп кеткен

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, жакын жайгашкан турак үйгө да өтүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө Өзгөн районунун жалпы жалпы 3 бөлүм тартылган.

Саат 03:48де тилсиз жоо чектөөгө алынып, 04:58де өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдады.

ӨКМ басма сөз кызматы мурда билдирилген маалыматына тактоо киргизип, ал даректе брусчатка чыгаруучу ишкана жайгашканын жана өрт бир кампадан экинчисине өтүп кеткенин билдирди. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу тунуке менен жабылган жалпы аянты 94 чарчы метр кампанын чатыры толугу менен күйүп, шамалдан улам өрттүн жалыны экинчи кампага өтүп кеткен. Натыйжада экинчи кампанын жалпы 150 чарчы метр чатыры толугу менен күйүп кеткен.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты