Өзгөн районунда жер титиреди

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-декабрда, саат 05:41де Ош облсунун Өзгөн районунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.  (Орказган айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Терек айылынан 12 чакырым түндүк чыгышта, Жийде айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Салам-Алик айылынан 19 чакырым түндүк батышта)  

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты