Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын өткөрүп берди.

Аларды кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

“China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт.

Негизги максаты бул апаат жана жапырт кырсык болгон жерлерге ыкчам түрүндө жетүү, атайын окутулган жана машыктырылган адистердин жардамы менен, ошондой эле кыска убакытта жайылып тургузулуу үчүн ылайыталып жасалган.

Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, 20га чейин хирургиялык операция жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар.

Бир госпиталды 60 адис тейлейт, 5-6 саат ичинде куралат. Медициналык жана тейлөө кызматкерлери үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган.

Мамлекет башчысы кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырыла турганын айтты.

Видео: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты