Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюеча мамдекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, А.С.А. жана А.З.Т.аттуу жарандар финансы министрлигине караштуу баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун кыйгап өтүп, салык төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштургандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 18-апрелде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 236-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан алынган чечимдин негизинде уюштуруучулардын А.С.А. жана А.З.Т. цехинде, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада, зергер буюмдарын жасоого жана маркалоого зарыл болгон ар кандай жабдуулар, ошондой эле жалпы салмагы 23,5 килограммга жакын күмүш зер буюмдар табылган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты