Зеленский кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды

  • 2 года мурун

Украинанын Президенти Владимир Зеленский 20-февралдагы билдирүүсүндө кризисти тынч жол менен чечүү аракетин күчөтүүгө чакырды.

Ал ошондой эле үч тараптуу байланыш тобунун жолугушуусун «чукул» өткөрүүгө чакырды. Ага Украина, Орусия жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму кирет.

Бул топ 2014-жылы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен Киевдин жаңжалы башталганда түзүлгөн.

Зеленский ушул күнү Франциянын Президенти Эммануэл Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Андан мурда Макрон орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу баарлашкан. Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөнү так айтылган жок.

19-20-февраль күндөрү Украинанын чыгышында Киевдин күчтөрү менен Москва колдогон жикчилдердин ортосунда ок атышуулар болгону кабарланды. ЕККУнун байкоочу миссиясы ок атышпоо режимин бузган учурлар кескин көбөйгөнүн билдирди.

Атышууда эки украиналык аскер каза болгону расмий кабарланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты