Зеленский Берлинде Олаф Шольц менен жолукту

  • 11 месяцев мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия согуш баштагандан бери алгачкы жолу Германияга расмий сапары менен барды.

Берлинде ал алгач Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен, андан соң канцлер Олаф Шольц менен жолукту.

Зеленский жолугушуулардан кийинки басма сөз жыйынында аскердик жардамы үчүн Германияга ыраазчылык билдирип, «Украина союздаштарынын колдоосу менен быйыл эле Орусиянын үстүнөн жеңишке жетет» деген үмүтүн билдирди.

Бул сапардын алдында Германия Киевге Орусия басып киргенден бери рекорддук – 2,7 млрд. долларлык аскердик жардам пакетин жарыялаган. Ага Marder согуштук унаасы, 30 Leopard-1 танкы, 15 даана Gepard зениттик-артиллериялык комплекси, 200 чалгындоочу учкучсуз учак, ок-дарылары бар төрт кошумча Iris-T зениттик системасы, кошумча артиллериялык ок-дарылар жана 200дөн ашык брондолгон аскердик жана логистикалык машиналар кирери кабарланган.

Зеленский Берлинге жекшембиге караган түнү Италиядан учуп барган. Анын учагын Германиянын аскердик авиациясы коштоп жүрдү.

Сүрөттө: Владимир Зеленский менен Германиянын канцлери Олаф Шольц. Берлин шаары, 14-май 2023-жыл. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты