Зеленский АКШ жардам берүүнү улантарына ишенерин айтты

  • 4 месяца мурун

Кошмо Штаттар жакын арада Украинага NASAMS үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекстерди берет.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-декабрда өткөн пресс-конференцияда билдирди.

«Биздин америкалык өнөктөштөр алардын бардык каржылык жардамы Украинанын Орусиянын кол салуусуна каршы туруусуна жумшалып жатканын түшүнүп турушат. Мен АКШ бизди таштабайт жана убада кылганынын баарын берет деп ишенем» деди украин президенти.

Зеленский Украина Европадагы өнөктөштөрү менен «өзгөчө байланыш» түзө алганын, алар каржылык жана аскердик колдоосун улантып жатышканын айтты. Украин аскерлерине, өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикасы Батыштын жардамы менен туруктуулугун кармап турганын белгиледи.

Асердик мобилизация тууралуу суроого жооп берип жатып Зеленский бул өтө кылдат тема экенин айтты жана азыр согуш талаасында кармашып жаткан аскерлерге эс алууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин кошумчалады.

«Алардын (ред. Украинанын аскердик жетекчилиги) Башкы штабдагы позициясы – кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоо болгон. Бул өтө олуттуу сан. Ошондуктан бул идеяны жактаган аргументтер жетиштүү болушу керек экенин айткам. Бул — адамдар, адилеттүүлүк, коргонуу мүмкүнчүлүгү, каражат тууралуу маселе».

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты