Өздөрүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган алдамчылардан сак болуңуз
- 10 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) телефон чалып, өздөрүн «УКМКнын кызматкери» катары тааныштырып, акча которууга үндөгөн алдамчылардан сак болууга чакырды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
УКМКнын маалыматында, акыркы убакта алдамчылар ачык маалымат булактарынан жабырлануучу тууралуу маалыматтарды чогултуп, андан кийин ага чалышып, анын бардык акчасы коркунучта экенин айтып, аны коопсуз эсепке которууга же кызматкердин жеткирүүчүсүнө накталай берүүгө көндүрүшүүдө. Алдамчылар адатта УКМК кызматкеринин же тергөөчүнүн атын жамынышат. Жабырлануучу ага УКМКдан телефон чалып жатканына ишенип, алдамчынын эсебине акча которот.
«Айрым учурларда шылуундар жарандарды УКМКнын тергөө бөлүмүнөн экендиги жана аларга кылмыш ишин козгоону пландап жатканы менен шантаж кылып, иш козгобош үчүн алардын эсебине белгилүү бир сумманы которууну талап кылышат. Анткени, азыркы учурда дээрлик көпчүлүгү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен коркушат жана мүмкүн болуучу куугунтуктоолордон кооптонуп, алдамчыларга акча каражаттарын шексиз которушат»,- деп айтылат мекеменин маалыматында.
УКМК алдамчылар заманбап технологиялардын жардамы менен мамлекеттик кызматкерлердин, айрыкча жетекчилердин үнүнө окшоштуруп жасап, жасалма үн менен телефон чалышы мүмкүн экендигин эскертти.
Мындан улам, УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууга чакырды: (0312) 66-04; -75, 62-65-04.




