Өзбекстандын Centrum Air компаниясынын учактары эми Бишкекке учат
- 1 год мурун
Centrum Air компаниясынын Ташкенттен Бишкекке биринчи каттамы ишке ашты — учак «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду.
Бул тууралуу «Кыргызтан аэропортттору» билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мынан ары каттам үзгүлтүксүз, жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү каттайт.
Муну менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жеткиликтүү, саякаттоого да ыңгайлуу болот.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропортттору»
Муну бөлүшүү




