Өзбекстандыктар АКШга мыйзамсыз киргендердин саны боюнча үчүнчү орунга чыкты

  • 7 месяцев мурун

Акыркы эки жылда АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөндөрдүн саны боюнча Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу Fox News телеканалы жарыялаган статистикада айтылат.

Телеканал бул тизмени АКШнын Чек ара кызматынын маалыматына таянып берди. Статистика Вашингтон АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн деп эсептеген өлкөлөргө негизделген.

Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда 13 624 өзбекстандык АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Америкага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган жарандардын саны боюнча Түркия алдыда турат – 30 830 адам. Андан кийинки орунда Мавритания (15 594), Өзбекстан, Египет жана Пакистан бар.

Өзбек иммигранттары үчүн эң популярдуу маршруттардын бири Мексика аркылуу өтөт. Бул маршрут Өзбекстан – Түркия (Испания) – Боливия – Колумбия – Мексика аркылуу АКШга алып барат.

30-августта президент Жо Байдендин администрациясы Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз алып келген тармакка чекит койгонун билдирген. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, тармактын кеминде бир мүчөсү чет элдик террордук топ менен байланышта болгон.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Адриен Уотсон аткезчилер жардам берген иммигранттар кылдат текшерилип, тез арада депортациялана турганын айткан.

Буга чейин АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы 2022-жылы АКШнын чек араларында 3 200гө жакын өзбек жараны болгонун билдирген. Андан мурдагы жылы бул көрсөткүч 700гө жеткен эмес.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты