Өзбекстандык 17 жаштагы шахматчы дүйнө чемпиону болду

  • 2 года мурун

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн тез шахмат боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Бул тууралуу Өзбекстан Шахмат федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

17 жаштагы өзбек шахматчысы Нодирбек Абдусатторов Магнус Карлсен, Ян Непомнящий жана башка гроссмейстерлерди утуп, таажыны алды.

Чечүүчү тай-брейкте жаш шахматчы орусиялык Ян Непомнящийди 1,5:0,5 эсебинде утуп, чемпион титулуна ээ болду.

Өзбекстан президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов өзүнүн Telegram-каналында Шавкат Мирзиёев Нодирбек Абдусатторовдун мелдешин онлайн режимде көргөнүн жазды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты