Өзбекстанда темир жол билеттери 20% кымбаттайт

  • 7 месяцев мурун

«Өзбекстан темир жолдору» компаниясы билеттердин баасы дагы бир жолу жогорулай турганын кабарлады. 20-январдан тарта «Афросиаб», «Шарк», «Насаф» жана «Өзбекстан» поезддеринде жол кире баасы 20% кымбаттайт.

Ташкент – Бухара – Ташкент эконом-классында билеттердин баасы 336 миң сум (27 доллар), бизнес-класста – 462 миң сум (37 доллар), VIP’де – 636 миң сум (51 доллар) болот.

Ташкент – Карши – Ташкент багытында билеттердин баасы эконом-класста – 282 миң сум ($23), бизнес-класста – 390 миң сум (32 доллар), VIP’де – 534 миң сум (43 доллар) болот.

Ташкент – Самарканд – Ташкент багытында эконом класста – 204 миң сум (16 доллар), бизнес класста – 276 миң сум (22 доллар) жана VIP’де – 396 миң сум (32 доллар).

Компания мындай чечим темир жол инфраструктурасын реформалоо, электр энергиясы, күйүүчү май, логистика жана транспорттук чыгымдарды жабуу максатында кабыл алынганын билдирди.

Акыркы жолу Өзбекстанда поезд билеттеринин баасы эки ай мурун 44%дан 60%га көтөрүлгөн.

2023-жылдын 25-сентябрында Шавкат Мирзиёев темир жол тармагындагы кемчиликтерди кескин сынга алып, эки жумадан кийин бул тармакты радикалдуу реформалоо боюнча жаңы жарлыкка кол койгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты