Өзбекстанда суук болушу ыктымалдыгынан улам мектепте каникул узартылды
- 1 год мурун
Аба ырайынын кескин суук болушу ыктымалдыгына байланыштуу, Өзбекстандын мектептеринде кышкы каникул мөөнөтү 17-январга чейин узартылды.
Бул тууралуу Өзбекстандын билим берүү министрлигинин маалыматтык кызматы кабарлады. Өзбекстандын синоптиктери 9-январдан баштап, Өзбекстанда 27 градуска чейин суук болору күтүлгөнүн болжолдошууда.
Кыргызстанда да 10-11-январда суук күчүнө кириши күтүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү