Өзбекстанда Палестинаны колдоп акцияга чогулгандар жоопкерчиликке тартылды

  • 6 месяцев мурун

29-октябрда Ташкент шаарында Палестинаны колдоп уруксатсыз акция өткөрүүнү пландаган жарандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу «Газета.uz» сайты жазды.

Маалыматка караганда, жекшемби күнү шаардын борбордук бөлүгүндөгү Амир Темир багына 100дөн ашык киши чогулган. Бул акция жөнүндө укук коргоо органдарынын кабары болгондуктан, Ички иштер министрлиги менен Улуттук гвардиянын кызматкерлери аларды кармап, милиция бөлүмдөрүнө жеткиришкен.

Маектешүүлөрдөн кийин алардын көбү үйлөрүнө кое берилип, айрымдарына «Митингдерди жана чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп берилди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө жарандарды Палестинаны колдоо акциясына чыгууга үндөгөн чакырыктар тараган. Өзбекстандын жана Палестинанын желектери тартылган атайын баннерде акция 29-октябрь күнү саат 14:00дө Амир Темир аянтында өтөрү көрсөтүлгөн. Мындан тышкары анда «Палестина менен катар турабыз», «15 суткадан коркпойм» жана «Биз көп болсок, бизди угушат» деген да ураандар жазылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты