Өзбекстанда Конституция долбоорун талкуулоо мөөнөтү үчүнчү жолу узартылды

  • 2 года мурун
Өзбекстанда Конституция долбоорун талкуулоо мөөнөтү үчүнчү жолу узартылды

Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киризүү боюнча жалпы элдик талкууну 1-августка чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу 15-июлда палатанын маалымат кызматы билдирди.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору 25-июнда жарыяланган жана коомдук талкууга алуу үчүн 10 күн берилген. Бирок 1-2-июлда Нукуста болгон окуяларга байланыштуу Олий Мажлис талкуу мөөнөтүн дагы 10 күнгө жылдырган.

4-июлда Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасы Конституциянын жаңы редакциясында Каракалпакстан Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө беренени өзгөртүүсүз калтырууну чечкен.

Референдумдун датасы жарыялана элек. Референдумда Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, жаңы президенттин ыйгарым укуктарын 5тен 7 жылга узартуу сунушталууда.

Ушуну менен конституциялык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо үчүнчү жолу узартылууда. Конституциялык комиссиянын маалыматына караганда, конституицялык реформалар боюнча калктан 85 миң сунуш түшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты