Өзбекстанда ашканада газ жарылып, он киши жаракат алды

  • 2 года мурун

Самарканд облусунун Акдарыя районундагы «Лазат» ашканасында 19-декабрда газ жарылып, 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ашкананын тамак жасоочу бөлмөсүндөгү пропан куюлган эки баллондун бирөө жарылган. Ал маалда ашканада тамактанып жаткан кардарлар болгон.

Жарылуудан он киши жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары тамак жасоочу бөлмөнүн 40 чарчы метрге жакын жеринин шыбы жана эмеректери өрттөнгөн.

Учурда бул факты боюнча болжолдуу тергөө иштери жүрүүдө.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты