Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду
- 2 года мурун
Бүгүн, 8-январда, Раззаков-Ош автоунаа жолунун 330-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Э. “DAF” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп, арткы сол жак дөңгөлөгүн текшергени барган учурда, дөңгөлөк жарылып кеткен. С.Э. оор абалда Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жетпестен жолдо каза болгон.
Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган факты Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Баткен ОИИБ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




