«Өзбекстан темир жолдорунун» базасында беш жаңы компания түзүлөт

  • 7 месяцев мурун

«Өзбекстан темир жолдору» акционердик коому 2024-жылдын 1-январына карата беш компанияга бөлүнөт.

Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Президент Шавкат Мирзиёевдин «Темир жол транспорту тармагын реформалоо тууралуу» 10-октябрдагы токтомуна ылайык, «Өзбекстан темир жолдорунун» жана анын курамындагы ишканалардын базасында жыл аягына чейин өзүнчө беш компания түзүлөт.

Алардын бири «Темиржолинфратүзүлмө» («Темирйулинфратузилма) деп аталып, жол, локомотив, байланыш жана электр менен камсыз кылуу чарбаларынын ишине жооп берет. «Темиржолкарго» («Темирйулкарго») акционердик коому жүк вагондору жана контейнерлер чарбасын, логистикалык борборлорду, терминалдарды тейлөө, ошондой эле жөнөкөй жана мультимодалдык жүк ташууларды уюштуруу кызматтарын көрсөтөт. «Темиржолэкспресс» («Темирйулэкспресс») акционердик коому жогорку ылдамдыктагы поезддер менен жүргүнчүлөрдү ташуу жана жогорку ылдамдыктагы поезддер чарбасын өнүктүрүү үчүн жооптуу болот. «Темир жол бекеттери» («Темир йул вокзаллари») бекеттердин ишмердүүлүгүн камсыздоо менен алектенсе, «Шаар айланасында жүргүнчү ташуу» («Шахар атрофида йуловчи ташиш») уюму шаар ичиндеги жана сыртындагы жүргүнчү ташууну ишке ашырат.

Өзбек президентинин токтомуна ылайык, мындан тышкары 2024-жылдын 1-январында темир жол аркылуу ички, экспорттук жана импорттук жүк ташуулардын тарифтерине киргизилген арзандатуулар жоюлат. Андан кийин арзандатууларды Министрлер кабинетинин гана уруксаты менен берүү тартиби киргизилет.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты