Депутат Талиева токой кызматын ӨКМ курамынан чыгарып, өзүнчө агенттик түзүүнү сунуштады

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Кыргызстандын токой тармагын өнүктүрүү жана башкаруу жаатында реформа жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Эл өкүлү айрым аймактарда токой фондусунун жерлеринде мыйзамсыз курулуштардын көбөйүшү, токой ресурстарынын туура эмес пайдаланылышы, токой чарбасынын кирешесинин көмүскөдө калуусу, ошондой эле токойлорду ижарага берүүдө укуктук-ченемдик актылардын жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын айтты.

Ага ылайык, Камила Талиева экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулукка жетишүү максатында токой чарба органдарынын статусун кайра карап чыгуу керектигин ортого салды:

-Кыргыз Республикасынын Токой кызматын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чыгарып, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин курамындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти менен бириктирип, жаратылыш ресурстары жана климатты жөнгө салуу агенттигин түзүү максатка ылайыктуу деп эсептеймин,-деди.

Депутаттын айтымында, мындай кадам жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдаланууга, токой чарбасын башкарууда ачык-айкындыкты камсыз кылууга жана жаратылыш экосистемаларын комплекстүү коргоого өбөлгө түзөт.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты