Футбол: Дүйнө чемпионатында Испания чемпион болду!  

  • 2 месяца мурун

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында  Испания Аргентина менен беттешип, 1:0 эсеби менен Аргентинаны жеңип алды. Испания чемпион болду.

Финалдын негизги бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, кошумча убакыт берилип, 106-мүнөттө Ферран Торрес жалгыз голду киргизди. Ошентип, Испания тарыхта экинчи жолу дүйнөнүн чемпиону болду.

Чечүүчү оюн АКШнын Нью-Жерси штатынын Ист-Ратерфорд шаарынын “Метлайф Стэдиум” стадионунда 19-июлда кечинде өттү.

 Испания финалга плей-оффто Австрияны, Португалияны, Бельгия жана Францияны жеңип чыгуу менен келди.

Аргентина болсо Кабо-Верде, Египет, Швейцария жана Англияны жеңди.

Бул жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң узун беттеш болду. Анда 104 мелдеш өтүп, 19-июлга чейин созулду. Оюндар Мексикадан тышкары АКШда жана Канадада өттү.

Сүрөт: David Ramos/Getty Images/AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты