Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда азырынча поезд жүрбөй калды

  • 2 года мурун

Нукус-Бейнеу жана Ташкент-Алматы эл аралык жүргүнчү поезддеринин каттамдары кийинкиге жылдырылды.

“Өзбек темиржол жолоочу” акционердик коомунун маалыматына караганда, каттамдардын кечеңдешине Казакстандын “карантиндик чектөөлөрдү” киргизгени себеп болду.

Буга чейин Өзбек темир жолдору Казакстан темир жолдору менен бирге эки өлкө ортосундагы поезд каттамдарын 1-апрелден тартып жандандырууга макулдашканы кабарланган.

Өзбекстан менен Казакстан ортосунда жүргүнчү поезд каттамдары качан калыбына келери белгисиз.

“Өзбек темиржол жолоочу” ишканасы бул багыттар боюнча билет сатып алган жүргүнчүлөрдүн акчасы кайра кайтарылып берилерин же кийинки мөөнөткө жылдыраларын кошумчалады.

Сүрөт: Ozodlik.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты