Өзбекстан БШКсы: Шайлоочулардын 90% ашыгы Конституцияны өзгөртүүнү колдоду

  • 11 месяцев мурун

Өзбекстанда 30-апрелде өткөн референдумда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берген жарандардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Зайниддин Низомхожаева билдирди.

Анын айтымында, референдумда 16 673 189 киши же жалпы катталган шайлоочулардын 84,54% добуш берди. Бүгүнкү күнгө карата бюллетендердин 0,49% жараксыз деп табылды.

БШК төрагасы референдум толугу менен эл аралык стандарттарга жана Өзбекстандын мыйзамдарына шайкеш өткөнүн билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгына таасир этпей турган майда мүчүлүштүктөр өз учурунда аныкталып, дароо чара көрүлсө, олуттуу мыйзам бузуулар БШК жана тиешелүү органдар тарабынан иликтенет.

Өзбекстанда 30-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылып, азыркы президент Шавкат Мирзиёев бийликте 2040-жылга чейин калуу мүмкүндүгүнө ээ болду.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты