Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду

Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиевдин эстелиги тургузулду.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эстеликтин ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буларга токтолду:  

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша алаарын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт” деди.

Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиевге эстелик тургузулду
Сүрөттөр: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

 Залкар кинорежиссер Болотбек Шамшиев 2019-жылы 24-декабрда дүйнөдөн кайткан. Болот Шамшиевдин режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал ХХ кылымдын кино классиктеринин бири болуп калды.

Ал кыргыз тарыхын, айрыкча „Манас“ эпосун терең изилдөө үчүн олуттуу иштерди аткарды.Ал „Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды.Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. Бул фильм Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыган. Ал эми 1995-жылы „Манас“ эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленгенде масштабдуу чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Болот Шамшиев «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар» «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Караш-караш окуясы», «Кызыл алма», «Алия» ж.б. көркөм тасмаларын жараткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты