Төлөмүш Океевдин эстелигинин ачылыш аземи өтөт  

  • 3 недели мурун

Эртең, 30-декабрда саат 12:00дө Бишкекте Чүй проспектиси жана Калык  Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, коомдук жана мамлекеттик ишмер Төлүмүш Океевдин эстелигинин ачылыш аземи өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Төлөмүш Океев (1935–2001) кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш» сыяктуу чыгармалары менен маданий мурастын алтын казынасына кирген. Океевдин ысмы 2002-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына ыйгарылган.

Сүрөттө: Төлөмүш Океев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты