Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында кыргыз улуттук кинематографиясынын көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинорежиссёр жана коомдук ишмер Төлөмүш Океевдин эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Агартуу министри Догдургул Кендирбаева, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Акматов атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү, режиссёрдун замандаштары, жакындары катышты.
Төлөмүш Океев кыргыз кино өнөрүнүн тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсан. Анын «Бакайдын жайыты», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш», «Уркуя» сыяктуу тасмалары кыргыз элинин дүйнө таанымын, тарыхын жана руханий баалуулуктарын кеңири чагылдырып, улуттук кинонун дүйнөлүк деңгээлде таанылышына өбөлгө түзгөн. Айрыкча «Бакайдын жайыты» тасмасы дүйнөнүн мыкты 100 тасмасынын катарына кирип, кыргыз киносуна эл аралык даңк алып келген.
Эстеликтин ачылышы улуу режиссёр Төлөмүш Океевдин 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн маанилүү иш-чаралардын уландысы болду. Анын улуттук маданиятка кошкон зор салымын даңазалоого жана бай чыгармачылык мурасын келечек муундарга жеткирүүгө багытталган.
Эстелик Акматов атындагы коомдук фонд тарабынан каржыланып, орнотулган.

Сүрөттөр: Маданият министри




