Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
- 1 год мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 23:08де өлкө аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында – 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында – 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында, Каракол шаарында – 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү