Ысык-Көлдө жер титирөө күчү беш баллга жетти
- 2 months мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 6:10до Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Каракол айылында 5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 3 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү