Ысык-Көлдө ысырапкерчиликке каршы жарлыкты түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликке каршы жарлыгын элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштерин милиция кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана дин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүп жатат.

“Жолугушууда жарлыктын негизги максаттары элге жеткирилүүдө. Алып айтсак, көп учурда аш-тойлорго материалдык мүмкүнчүлүккө ылайык келбеген көп адам чакырылат, ашыкча чыгымга учурайт. Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетүүгө аргасыз болушат”, — деп белгиленет маалыматта.

Эске сала кетсек, 24-февралда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты