Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жарлыгы чыкты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Республиканын жарандары үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымдабастан өткөрүшү зарыл. Өзгөчө интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда гана эмес, ошондой эле турмушта жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди, үрп-адаттарды жана элдик каада-салттарды сыйлоодо катардагы жарандарга үлгү болууга тийиш.

Жарлыктын алкагында  жергиликтүү бийлик үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.  Бул маселе боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды өткөрүүчү адамдарга тиешелүү сунуштарды бериши керек.

Жарлык менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына  диний ырым-жырымдарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жана алдын алуу максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу сунушталат.

Ошондой эле  Жогорку Кеңештин депутаттарына, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган башка иш-чараларды ири акчалай каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке жол бербей өткөрүү сунушталат.

Жарлык тууралуу Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында да билдирди.

-Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет,-деп жазды мамлекет башчы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты