Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнү: 16 миңден ашык таштанды, 104 миңге жакын балык улоочу тор чыгарышты
- 3 ай мурун
- Видео
Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары көлдүн астынан 16 721 кг таштанды, 103 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы «Бакыт» жана «Голубой Иссык-Куль» пансионаттары эки жолу тазаланды. Андан соң суучулдар облустун Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарынын көл астын тазалашты.
Жалпы 2023-жылдын 12-мартынан тарта 156 күн ичинде Ысык-Көлдүн 246 283,5 гектар аянты тазаланды. Учурда иш уланууда.
Өөгөчө кырдаалда министрлиги Ысык-Көлдү балык улоочу тордон жана таштандыдан тазалоону 12-мартта баштаган.
Сүрөт: Видеодон алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!